Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Америкалык ырчы Малайзияда ырдай албайт


Малайзияда америкалык ырчы Эрика Бадунун концерти үзгүлтүккө учурады. Турненин алдында жергиликтүү гезиттердин бири артисттин далысында арабча “Алла” деген татуировка түшүрүлгөн сүрөттү жарыялаган. Малайзиянын маалымат министри Раси Ятим концерт “диний сезимтал маселелер жана маданий баалуулуктар” жөнүндөгү өкмөттүн эрежелери бузулгандыктан концерт болбойт деп "Твиттерге" жазды. Грэмми сыйлыгынын ээси Баду Куала-Лумпурда эртең ырдамак. Артист өзү бул окуяга байланыштуу билдирүү жасай элек.

Малайзиянын ички иштер министри ырчынын сүрөтүн басып чыккан англис тилиндеги гезитке эскертүү жасап, жооптуу редакторлорун министрликке чакыртты.

XS
SM
MD
LG