Европа биримдигинин тышкы иштер министрлери Сербиянын мүчөлүк маселесин бүгүн карамакчы. Министрлер Брюсселдеги жыйында Сербияга талапкер деген статус берүүнү колдошот деп күтүлүүдө. Дипломатиялык булактардын ырастоосунда, буга чейин Литва жана Румыния Белграддын талапкерлигине байланыштуу бир катар маселелерди козгошкон. Бирок соңку чечим Евробиримдиктин мамлекет башчыларынын ай башындагы саммитинде кабыл алынмакчы. Талапкер деген макам биримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөргө жол ачат жана бул процесс жылдарга созулушу ыктымал. Өткөн аптада шаркеттин арачылыгы менен Белград Косово менен кызматташтык жөнүндөгү 2 келишимге жетишкен. Бирок Сербия Косовону көз карандысыз мамлекет деп таануудан баш тартууда.