БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Нави Пилай Сириядагы абал “үрөй учураарын” айтып, президент Башар Асадды гуманитардык негизде ок атышууну токтотууга, эл аралык байкоочуларды жана гуманитардык кызматкерлерди өлкөгө киргизүүгө үндөдү. Мындай билдирүүнү Пилай кеңештин Сирия боюнча Женевадагы чукул жыйынында жасады. Сирия делегациясы болсо “куру талкууларга” катышууну каалабаарын айтып, жыйындан чыгып кетти. Жолугушууда каралып жаткан резолюция долбоору Дамаск бийлигин катуу сындайт жана бейкүнөө адамдардын өлүмү үчүн жоопкерчиликти өкмөткө жүктөйт.
Ал эми өлкөнүн өзүндө эрегешчилердин таяныч шаарларында армия соккуларын улантып жатат.
Ал эми өлкөнүн өзүндө эрегешчилердин таяныч шаарларында армия соккуларын улантып жатат.