Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

Минск элчилердин өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылды


Беларус өкмөтү Европа биримдигинин жана Польшанын элчилеринен өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды. Беларустун Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө муну менен катар Минск Еврошаркеттеги жана Польшадагы элчилерин кеңешүү үчүн чакырып жатканы айтылат. Бул кадам Европа кеңеши президент Александр Лукашенконун өкмөтүнө каршы жаңы санкцияларды жактыргандан кийин жасалууда. Санцияга туш болгон чиновниктерге шаркеттин аймагына кирүүгө тыюу салынат. Оппозиция активисттерин куугунтуктоону улантып жаткан Беларустун бийлик өкүлдөрүнө буга чейин да санкциялар киргизилген.

Беларустун тышкы мекемеси "жазалоочу чаралардын кеңейтилиши Евробиримдик ачык кысым көрсөтүү саясатын улантып жатканын көрсөтүүдө" деп белгилейт. Министрлик Брюсселди бирин-бири урматтоо жана теңдик принциптерине негизделген диалогду өнүктүрүүгө үндөйт.

XS
SM
MD
LG