Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

Өкмөткө “Андаштын” 20 пайыз үлүшү сунушталып жатат


Кыргызстанга “Андаш” кенин иштетүү боюнча лицензия алган австралиялык “Кентор Голд” компаниясынын өкүлдөрү келди. Компания тараткан маалымат боюнча, алар кыргыз өкмөтүнүн аталган кен боюнча турумун тактаганы жатат. “Эгер кен иштетиле баштаса 106 миллион долларлык инвестиция салынат. Бюджетке жыл сайын 1,5 миллиорд сом түшүп турат. Андан сырткары компания Кыргызстанга “Андаш” кенинин 20 пайыз үлүшүн сунуштаган, бирок кыргыз өкмөтү жооп кайтара элек”, - деп айтылат билдирүүдө.

Таластагы “Андаш” кени жергиликтүү тургундар менен компаниянын тил табыша албай жатканын улам иштебей турат. Былтыр Жогорку Кеңеш тургундардын дооматын жүйөлүү деп таап кенди жапкан болчу.

“Андаш” 2000-жылдан бери колдон-колго өтүп, инвесторлор бир нече жолу алмашкан. Адистердин эсептешинче, кенде кеминде 850 миллион долларлык алтын жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG