Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов кечээ кечинде расмий сапар менен Түркияга жөнөп кетти. Бүгүн ал Анкарада түрк президенти Абдулла Гүл менен жолугушмакчы. Андан сырткары, Бердымухаммедов эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын катышуусунда Стамбулда өтө турган түркмөн-түрк бизнес форумуна да катышат. Бердымухаммедов жолго чыгаар алдында билдиргендей, ал Түркмөнстандагы курулуш долбоорлоруна түрк инвесторлорун тартууга кызыкдар.