Бүгүн Жогорку Кеңеш жума күнү кезексиз жыйынга чогулуу чечимин кабыл алды. Буга белгиленген иш жадыбалын убагында аткаруу зарылчыгы себеп болду. Спикер Асылбек Жээнбеков депутаттар бир катар мыйзам долбоорлор боюнча добуш берип жетишүүгө тийиш экенин айтып, кезексиз жыйынга чогулуу зарылдыгын белгиледи. (KKs)