Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

“Таза шайлоо”: Каракол, Токмокто шайлоочулар эки эсе кыскарды


Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо өтө турган Каракол жана Токмок шаарларында шайлоочулардын саны эки эсе кыскарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Таза шайлоо” бирикмесинин жетекчиси Айнура Усупбекова билдирди. Анын айтымында, шайлоочуларды тизмеден чыгаруу үчүн ал адамдын өзүнүн арызы болушу жана каттоо кызматтарынан тил кат болушу керек. Бирок тизме түзүүдө бул шарттар толук эске алынбай калган. Мындан улам “Таза шайлоо” шайлоо учурунда президенттик шайлоодогудай чыр-чатактар чыгып кетиши мүмкүн деп эскертүүдө. Аталган шаарлардагы аймактык комиссиялар болсо, шайлоочулардын санынын кыскарышын анык тизмени түзүү аракети менен түшүндүрүүдө.

4-мартта Ош, Каракол, Токмок шаарларында жана 13 аймакта жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. 3-февралдан бери үгүт иштери жүрүп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG