Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Дин өкүлдөрү майда секталар коркунучтуу деп билдиришти


Бүгүн Кыргызстандагы мусулман жана православдардын өкүлдөрү, диний эксперттер, жаштар уюмдары Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүшүп, ар кандай секталар өлкө коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканын билдиришти. Мындай кайрылууларын алар президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке жана жалпы кыргызстандыктарга жолдошту. Диний өкүлдөр ислам багытындагы Ахмади, Кадияни секталары жана христианчылык багытындагы Сайентология, Мун бириктирүү чиркөөсү өңдүү секталар өзгөчө кооптонуу жаратканын белгилешти. Бул секталардын аракети Кыргызстанда руханий бөлүнүүгө, диний араздашууга жана коомдук туруксуздукка алып келет деп айтышты. Бул пикирлерге аталган секта жана агымдардын өкүлдөрү расмий жооп бере элек. (ZB/KKs)

XS
SM
MD
LG