Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

“Жерүй алтындын” лицензиясы сотто териштирилет


12-мартта Бишкектин райондор аралык сотту “Жерүй алтын” ишканасынын өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу боюнча доо арызын карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Касиет Карачолокова билдирди. Буга чейин кыргыз өкмөтү Жерүй кенин иштетүү үчүн “Жерүй алтын” ишканасына берилген лицензияны жокко чыгарган. Натыйжада бир жыл үч ай өткөндөн кийин Жерүйдүн лицензия маселеси сотто каралганы жатат.

Кыргызстандын Талас облусундагы Жерүй алтын кенинде кеминде 80 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. Кенди иштетем деген “Жерүй алтын” ишканасынын лицензиясы 2010-жылдын ноябрь айында келишимди аткарган жок деген жүйөө менен жокко чыгарылган. Ишкананын негизги кожоюну казакстандык “Визор Холдинг” компаниясы буга макул болбой келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG