Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

2012-жылы инфляция 9 пайыздан ашпайт


2012-жылы Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 9 пайыздан ашпайт. Бул тууралуу Экономика жана монополияга каршы министри Темир Сариев бүгүн парламенттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, коңшу өлкөлөрдө буудайдын түшүмү жогору болуп, бул жылы азык-түлүктөрдүн баасын өстүрбөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

Алдын ала божомолдорго ылайык, 2012-жылы Кыргызстанда ички дүң өнүмдүн ар бир адамга катышы 14,6 пайызга өсөт. Ал 1196 долларды түзөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG