Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

Сариев: Баалар көзөмөлдөнүшү керек


Парламенттин бүгүнкү жыйынында сөз сүйлөгөн экономика жана монополияга каршы министр Темир Сариев дүйнөдөгү чийки мунайга жана азык-түлүккө болгон баанын өзгөрүшү Кыргызстанга түздөн-түз таасирин тийгизээрин белгилеп, өкмөт өлкө ичиндеги бааларды жөнгө салышы керектигин белгиледи. Эгер дүйнөдө мунай жана азык-түлүккө баа өсө турган болсо, Кыргызстанда инфляциянын деңгээли жогорулап кетерин эскертти. Мындан тышкары министрдин айтымында, Жакынкы Чыгыш, Сириядагы окуялар, Европадагы каржы кризиси, Орусиядагы саясий кырдаалдын өзгөрүп кетүү жоромолу жана реэкспорттун азайышы Кыргызстанга келе турган инвестицияларга да таасирин тийгизиши мүмкүн. (KKs)

XS
SM
MD
LG