Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Евробиримдик Беларустагы элчилерин чакырууда


Биримдикке мүчө 27 өлкө Беларустагы элчилерин чакыртып алып жатканын уюмдун тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Кэтрин Эштон жарыялады.

Мындай кадам Биримдиктин Беларуска каршы санкциялары кеңейтилишине жооп иретинде президент Александр Лукашенконун өкмөтү Польшанын элчисинен жана Евробиримдиктин өкүлүнөн өлкөдөн чыгып кетүүнү сурангандан кийин жасалууда.

Кечээ Европа кеңеши Лукашенко режими менен байланышы бар адамдардын тизмесин 21ге көбөйткөн. Аларга каршы визалык санкция Беларуста саясий оппозицияны куугунтуктоо уланып жатканына байланыштуу киргизилүүдө.

Беларус тышкы иштер министри Андрей Савиных Евробиримдикти Беларуска “уялбастан кысым көргөзүү саясатын улантып жатканы” үчүн сынга алды.
(UE)

XS
SM
MD
LG