Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:16

Кытайдын Шинжаң аймагындагы тополоңдо 12 адам набыт болду


Коопсуздук күчтөрү Кашгардын аянтында. Сүрөт 2011-жылы, 2-августта тартылган.
Коопсуздук күчтөрү Кашгардын аянтында. Сүрөт 2011-жылы, 2-августта тартылган.
Мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарына караганда, окуя Кашгардан анча алыс эмес жерде кечээ болгон. Бычак менен куралданган тополоңчулар башка адамдарга кол салганда 10 киши мерт болсо, полиция тополоңчулардын экөөсүн атып өлтүргөн.

Ал эми Германияда жайгашкан уюм – Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин басма сөз катчысы Дилхат Рахиттин “Ассошейтед пресс” агенттигине айтканына караганда, ал жергиликтүү уйгурлардан алган маалымат боюнча кагылыштан Кытайдын коопсуздук күчтөрүнүн жети өкүлү, үч жөн-жай тургун каза тапкан.

Мындан сырткары 10 киши жаракат алып, 84 адам кармалган. Уйгур конгрессинин өкүлү кыянатчылыктардын тутаныш себебин “уйгурлар Кытайдын такай уланып жаткан репрессияларына мындан ары чыдай албай калганынан улам” деп түшүндүрдү. (UE)

XS
SM
MD
LG