Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

Америка университети имараттын ижара акысын төлөбөйт

Борбор Азиядагы Америка университети Бишкектеги имараты үчүн ижара акысы талап кылынбашы керектигин билдирүүдө. Университеттин каржы маселелери боюнча вице-президенти Талант Султановдун “Азаттыкка” маалымдашынча, келишимге ылайык имарат университетке акысыз жана чектелбеген узак мөөнөткө берилген.

Кыргыз өкмөтү менен университеттин ортосунда 1998-жылы түзүлгөн келишим боюнча, эски аянттагы бул имарат бекер берилген. Бирок өкмөт бул келишим 2009-жылы күчү кеткенин айтып,үч жылдык ижара акыны төлөөнү талап кылууда. Жакында президенттин иш башкармалыгы БААУ имарат үчүн 6 миллион сом төлөшү керектигин билдирген. (BkA/KKs)
Куржундар
​
XS
SM
MD
LG