Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:01

Быйыл айлык акылар көбөйбөйт


Бул тууралуу Кыргызстандын каржы министри Акылбек Жапаров бүгүн парламенттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2012-жылы өкмөт былтыр көтөрүлгөн айлык акыларды түшүрбөй кармап туруунун гана аракетин көрөт.

- 1-январдан тарта төлөөлөрдү жүргүзө баштадык. Ошонун айырмасы эле 5 миллиард 800 миллион сомду түзөт. Быйыл өкмөттүн бирөөлөрдүн айлык акысын көтөрөм деген ниети да, акчасы да жок. Былтыркы көтөрүлгөн айлыктарды толугу менен берүүгө алыбыз жетет деп ишендире алабыз, - деди Акылбек Жапаров.

Былтыр бир катар социалдык кызматкерлердин, анын ичинде мугалимдердин да маянасы көбөйгөн болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG