Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Санкцияга кабылган Иран аласасын алтын менен алат


Соода өнөктөрүнөн АКШ долларынын ордуна алтын аларын Иран бүгүн жарыялады. Өлкөнүн Борбордук банкынын төрагасы Махмуд Бахманинин айтканына караганда, Иран менен аласа-бересе кылган өлкө же өз валютасы, же алтын менен төлөй алат. Тегеран Кытай менен Индиядан аларга сатылган мунайдын акысы үчүн азыр эле юань жана рупий ала баштады.

Бул өлкөнүн каржы институттары АКШ менен Евробиримдиктин санкцияларынан сокку жеди. Ирандын талаштуу өзөктүк программасын токтотууга мажбурлоо максатында киргизилген санкциялар өлкөнүн башкы экспорттук товары - мунай акысынын төлөнүшүн кыйындатты.

Батыш Иран өзөктүк программасына жамынып алып өзөктүк курал жасайбы деп шектенсе, Тегеран программасы тынчтык максатты гана көздөрүн айтып келет.
(UE)

XS
SM
MD
LG