Бул тууралуу бүгүн Кытайдын расмий өкүлдөрү билдиришти. Алардын айтымында, бычак жана балта менен куралдангандар базардагы адамдарга кол салган. Натыйжада он үч киши өлүп, коопсуздук күчтөрү жети “террорчуну” жок кылышкан. Расмийлер “террорчу” деп атаган дагы эки адам кармалган.
Мурдараак мамлекеттик маалымат каражаттары Кашгардан көп алыс эмес жерде кечээ кечке жуук жасалган кол салуу учурунда 12 адам өлгөндүгүн кабарлашкан эле.
Ал эми Германияда жайгашкан уюм – Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин басма сөз катчысы Дилхат Рахит “Ассошейтед пресс” агенттигине тополоңдун тутаныш себебин “уйгурлар Кытайдын такай уланып жаткан репрессияларына мындан ары чыдай албай калганынан улам” деп түшүндүрдү.
Кытайдын Шинжаң чөлкөмүндө тогуз миллиондой уйгур жашайт. Алар аймакта кытайлар саны көбөйгөн сайын маданиятыбыз жана улуттук салт-санаабыз жоголууда деп кабатырланышат. (UE)