4-марттагы президенттик шайлоодо жеңип чыгары күтүлүп жаткан орус өкмөт башчысы оппоненттерине шайлоодон кийин уруксат берилбеген нааразылык акцияларына барбоону эскертти.
Оппоненттерин көпчүлүктүн пикирин кабыл алуу менен азчылыктын пикирин таңуулабоого чакырган Владимир Путин оппозицияны шайлоону легитимсиз деп күн мурунтан эле жарыялап жатканы үчүн да айыптады:
- Шайлоонун жыйынтыгы күн мурунтан эле легитимсиз деп жарыяланышы - күрөштүн бир аспабы. Бул аспаб демократиялык коом үчүн кабыл алынгыс жана зыяндуу деп эсептейм.
Владимир Путин ошондой оппозицияны шайлоого көлөкө түшүрүү үчүн добуштар бурмаланганын ырастагыдай механизмдерди даярдап жатканы үчүн күнөөлөдү.
Былтыр 4-декабрда болгон парламенттик шайлоодо добуштарды бурмалоо кеңири жайылганы боюнча далилдер Орусияда Путиндин 12 жылга созулган бийлиги токтотушун талап кылган ири демонстрацияларга алып барды.
(UE)