Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:21

АКШ генералы: Пакистан кара жолун кайра ачышы керек


АКШ куралдуу күчтөрүнүн транспорт боюнча командачысы, генерал Уильям Фрейзердин Сенат комитетинде айтканына караганда, АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарууну 2014-жылы аяктоосу үчүн Пакистан НАТОнун жүктөрү үчүн кара жолун кайра ачуусу керек.

Америкалык генерал белгилегендей, Ооганстандын айланасындагы Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан алардын аймагы аркылуу курал-жарак эмес, жабдуулар алынып өтүшүнө макул болду. Өзбекстан менен Орусия да жабдуулардын ташылуусун жактырды.

Бул аралыкта Британиянын Ооганстандагы жабдууларын чыгаруу маселесин талкуулоо үчүн британ коргоо министри Филип Хэммонд бүгүн Өзбекстанда болду. Кечээ ал Казакстан менен аба транзити боюнча келишимге кол койгон.
(UE)

XS
SM
MD
LG