Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Казинодо иштегендерге башка жумуш таап беришет


Жаштар, эмгек жана элди жумуш менен камсыз кылуу министри Алиясбек Алымкулов бүгүн жабылган казинолордун айынан жумушсуз калган адамдардын өкүлдөрү менен жолугат.

Өкмөттүн аппарат башчысы Төрөгул Беков 28-февралда бул маселе боюнча комиссия түзүп, мурунку казино кызматкерлерин жумушка орноштуруу маселелерин чечүүгө бир ай мөөнөт берген.

Кыргызстанда мыйзамга ылайык, ушул жылдын 1-январынан тартып кумарканалардын ишине тыюу салынган. Анда иштеген жүздөгөн адамдар өкмөттөн жумуш талап кылып Бишкекте бир канча ирээт нааразылык акцияларды өткөрүшкөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG