Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Каназаров: “Фергана.ру” cот чечими менен жабылышы керек эле


“Фергана.ру” сайтынын жабылышы боюнча өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Султан Каназаров “Азаттыкка” маалымат берип, өкмөт бул сайтты жабуу менен Жогорку Кеңештин токтомун гана аткарганын билдирди. Анын айтымында, сайттын жабылышын жактаган топтор менен “Фергана.рунун” жетекчилиги конструктивдүү сүйлөшүү өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар:

- Мен өкмөттүн маалыматтык саясатын аныктаган органдын жетекчиси катары маалымат каражаттары менен мындайча иштөө ыкмасына макул эмесмин. Менимче, “Фергана.руда” жарыяланган материалдар боюнча кимдир бирөөнүн сын-пикири болсо, алар сотко кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар. Сайтты блоктоо соттун чечими менен гана аткарылууга тийиш.

Маалыматка ылайык, былтыр 9-июнда Жогорку Кеңеш бул сайтты июнь коогасы боюнча бир тараптуу маалымат берген деген жүйөө менен Кыргызстандын аймагында жабуу токтомун кабыл алган. Өкмөт бул чечимди өлкөдөгү басма сөз эркиндигине каршы келет деп көпкө чейин аткарбай келген. Ушул жылдын февраль айында парламент чечимдеринин аткарылышы боюнча өкмөттүн отчетун угуп, “Фергана.ру” маселеси кайра көтөрүлгөн. Мындан улам жакында Байланыш агенттиги “Кыргызтелекомго” сайтты жабуу боюнча тапшырма берген. Сайт жабылды деген менен башка провайдерлерде ачылып жатканы да кабарланууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG