Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Ошто “Улуттар биримдиги” партиясы колдоого чакырышты


Ош шаарында өтүп жаткан митингде 4-мартта өтө турган шайлоодо “Улуттар биримдиги” партиясын колдоого чакырган ураандар да айтылды. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, чогулгандарга сөз сүйлөгөн депутат Жылдыз Жолдошева, Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев бул партияны колдоого үндөштү. Андан соң “Ата-Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибековдор да бул партияны колдоп сөз сүйлөштү. Чогулган элдин арасында “Мелис Мырзакматов биз сени менен!”, “Эл “Улуттар биримдиги” партиясын колдойт!” деген плакттарды кармагандар бар. “Улуттар биримдиги” партиясы Ош мэри Мелис Мырзакматов колдогон партия катары сыпатталып келет. Бирок мэр аны тастыктаган эмес.

Митингди “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров алып барып жатат. Чогулгандар оң миңге чукулдап калганын “Азаттыктын” кабарчылары, башка журналисттер жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү билдирүүдө. (SE/KKs)
XS
SM
MD
LG