Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Оштогу митингде бийликке кайрылуу кабыл алынды


Ош шаарында митингге чыккан оппозиция өкүлдөрү алты пункттан турган кайрылуу кабыл алды. Анда “Кыргызстанда жаңы кесипкөй өкмөт түзүлcүн”, “Апрель жана июнь окуясынын күнөкөөрлөрү жазалансын”, “1993-жылкы Конституция кайра кайтарылсын” деген бир катар талаптар белгиленген. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров митингге 25 миңдей адам чыкканын айтты. Байкоочулар болсо бул сан 15 миңге чукулдаганын белгилешти. Азыр митингдин катышуучулары сөз сүйлөп жатат. (ErN/KKs)

XS
SM
MD
LG