Стамбулда бийликтеги АК партиясынын кеңсесине жакын жерде бомба жарылып, полициянын маалыматына караганда, кеминде 10 киши жараат алды. Анадолу кабар агенттиги жарылуу полициянын автобусу жанында болгонун, 3 тартип коргоочу жараланганын билдирди. Стамбул полициясынын башчысы Хусйен Чапкындын айтымында, бомба алыстан башкарылып турган. Окуя болгон жер курчоого алынды. Полиция дагы бир жарылуу болушу мүмкүн деп чочулоодо. Автономия үчүн күрөшүп жүргөн курт козголоңчулары буга чейин ушундай ыкма менен кол салган учурлар болгон.