Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Дүйнө Пхеньяндын билдирүүсүн этият кабыл алды


Дүйнө лидерлери Түндүк Кореянын атомдук программасын токтотуу жөнүндөгү жарыясын этияттык менен кабыл алышууда. Кечээ Пхеньян уран байытуудан, атомдук жана узун аралыкка учуучу ракеталарын сыноодон баш тартаарын, БУУнун инспекторлоруна байкоо жүргүзүүгө уруксат берилээрин жар салган. Макулдашууга ылайык, АКШ Түндүк Кореяга 240 миң тонна азык-түлүк жардам бермекчи. Америкалык мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон “туура багытта алгачкы чакан кадам” жасалганын айтты. Кытай, Түштүк Корея, Япония жана Россия эми алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жанданышына жол ачылышы мүмкүн деп боолголошот. Пхеньян ядролук куралсыздануу боюнча сүйлөшүүлөрдөн 2009-жылдын апрелинде чыгып кеткен жана көп узабай атомдук сыноо өткөргөн.

XS
SM
MD
LG