Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Украина Беларустан сүт азыктарын импорттоого тыюу салды


Украинанын мамлекеттик ветеринардык кызматы билдиргенине караганда, азыктарда химиялык заттардын көлөмү өтө жогору болуп чыккан. Алдыңкы күнү чочко тумоосунун жайлышын алдын алуу үчүн Беларустан чочко этин алып келүүгө да тыюу салган.

Минск өкмөтү азырынча кошуна өлкөнүн чечимине жооп кайтара элек. Аналитиктер муну регионалдык соода согушунун бир бөлгү катары мүнөздөшөт. Өткөн айда Беларустун шериги – Орусия Украинанын быштактарын импорттоого тыюу салган.

XS
SM
MD
LG