Бул тууралуу кечээ Франциянын президенти Николя Саркози кабарлады. Эдит Бувье менен Уильям Даниэлс Баба-Амр кварталында козголоңчулар менен болушкан. Ал аймакты өкмөттүк аскерлер курчап, чабуул коюп жатышканы айтылган болчу.
Өткөн аптада Бувье аткылоодо жаракат алган. Ошол эле чабуулда америкалык журналист Мэри Колин менен франциялык фоторепортер Реми Ошлик набыт болушкан эле.
Ал арада кечээ маалым болгондой, “Кызыл чырым” эл аралык комитети менен Сириядагы “Кызыл жарым ай” коому бул районго бүгүн тамак-аш, дары-дармек жеткирүүгө уруксат алышты. Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириянын бийликтеринен уюмдун баш-катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары өлкөгө киришине тезинен уруксат беришин талап кылган.