Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:57

Европа биримдиги Сербияга мүчөлүк үчүн талапкер деген статусту берди


Брюсселдеги саммитте Евробиримдиктин лидерлери Сербияга мүчөлүк үчүн талапкерликти берүүнү колдошту. Өлкө шаркетке мүчөлүккө талапкерлик алгандан кийин чыныгы мүчө болууга чейин дагы бир топ жыл өтүшү мүмкүн.

Негизи, Сербия мүчөлүктү декабрда эле – согуш кылмыштары үчүн шектелип жаткан эки маанилүү адамды кармаганда – алаары күтүлгөн. Анткен менен ага чейин Сербия "2008-жылы анын катарынан чыгып, көзкарандысыздык жарыялаган Косово менен мамилени жакшыртсын" деген талап коюлган болчу. Кийинчерээк тараптар чек араны биргелешип коргой турган болушту.

Балкандагы дагы бир өлкө - Хорватия – келерки жылы июлда Евробиримдиктин 28-мүчөсү болуп жарыяланмакчы.

XS
SM
MD
LG