Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

Иранда бүгүн парламентке шайлоо өтөт


Шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнү, 1-март, 2012
Шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнү, 1-март, 2012
Бир палаталуу мыйзам чыгаруу органы Мажлистеги 290 орун үчүн 3500 жакын талапкер күрөшмөкчү. Оппозиционерлердин көпчүлүгү шайлоого бойкот жарыялашкан.

Өлкөнүн руханий лидери Аятолла Али Хаменеи бүгүн шайлоого эл көп келет деп ишене турганын айтып, добуш берүүнү “Батышка жасала турган дагы бир шапалак” деп атады. Мамлекеттик маалымат каражаттары шайлоого сөзсүз катышыш керектигин, анткени бул “диний милдет” экенин да айтып жатышат.

Аналитиктер бүгүнкү шайлоодо Жогорку жетекчилик менен байланыштагы талапкерлер утат го деп болжошууда. Хаменеинин тарапкерлери президент Махмуд Ахмединежадды “жумурияттын экономикасын көтөрө албады” деп айыптап жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG