4-марттагы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо үчүн жалпы 194 миң 698 бюллетен аймактарга жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Боршайкомдун шайлоо жараянын уюштуруу башкармалыгынан билдиришти.
Бүгүн кечке чейин бул бюллетендер жергиликтүү шайлоо бекеттерине жиберилгени жатат. Маалыматка ылайык, бюллетендердин көпчүлүгү, тагыраак айтканда 123 миң 407 бюллетен Ош шаарына, Токмокко 22 миң бюллетен, Караколго 17 миң, Жумгалга 10 миң 777, Ак-Талаа районуна 10 миң 300 бюллетен, Лейлек районуна 8 401, Тогуз-Торо районуна 2813 бюллетен жөнөтүлдү.
Эртең жымжырттык күнү башталат. 4-мартта Кыргызстандагы үч шаар жана төрт райондогу 13 айылдык округунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. (KKs)