Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Эртең Оштогу бардык мамлекеттик туулар жаңырат

Шаардагы мекеме-ишканаларга мэр Мелис Мырзамактов ушундай тапшырма берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 3 март - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынган күнүнө карата шаар башчысы бардык байрактарды жаңысына алмаштыруу демилгесин көтөргөн. Андан сырткары, бул күнгө байланыштуу шаарда бир катар майрамдык иш-чаралар да уюштурулат.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Эки күн мурда премьер-министр Өмүрбек Бабанов Мамлекеттик туунун күнүн республиканын бардык аймактарында белгилөө тапшырмасын берген. (SE/KKs)
Куржундар
XS
SM
MD
LG