Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

3-мартта тоолуу аймактарга кар түшөт


Шашылыш билдирүү:
Аба ырайын маалымдоочу борбордон билдиришкендей, 5-мартка чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу автожолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Кар күрткүсү пайда болуп, муз тоңот. Мындан улам кооптуу аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунушталат.

Аба ырайы:
Эртең Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Нарын облусунда жана Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жерлеринде гана кар жаашы мүмкүн. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7 градус суук, күндүз 10…15 градус жылуу;
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 9…14 градус;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15 градус;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7 градус;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7 градус;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27, күндүз -9…-14 градус;
Тоолордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -7…-12 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн -3…-5 градус суук, күндүз 11…13 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG