Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Ошто кырдаал туруктуу


Ош шаарында кырдаал туруктуу, коомдук коопсуздук көзөмөлдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, 4-марттагы жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого байланыштуу тартип коргоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Шайлоо күнү Оштогу 73 жергиликтүү шайлоо бекетинин ар биринде 6-8 милиция кызматкери коопсуздукту көзөмөлгө алмакчы. Ошентсе да “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, шаар тургундарынын арасында шайлоого байланыштуу кооптонгондор бар.

Кечээ Ошто оппозиция лидерлери кеминде 15 миң тургундун катышуусунда митинг өткөрүшкөн. Ош шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо үчүн жети партия ат салышууда. Ош 45 депутаттык орун үчүн 600дөн ашык талапкерлиги көрсөтүлүүдө. (ErN/KKs)

XS
SM
MD
LG