Пакистандын түндүк-батыш тарабында жоочулар менен аскер кызматкерлеринин ок аткылашуусунан улам кеминде 8 аскер, 22 жоочу набыт болгону кабарланууда. Кагылыш бүгүн таң эрте Ооганстан менен чектешкен Хайбер районунда болду. Хайбер аймагы Пакистандын борбордук бийлигине баш ийбей, жергиликтүү уруулардын лидерлери тарабынан башкарылаары айтылып келет.