Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Иранда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Бир палаталуу мыйзам чыгаруу органы Мажлистеги 290 орун үчүн 3500 жакын талапкер ат салышууда. Оппозиционерлердин көпчүлүгү шайлоого бойкот жарыялашкан.

Өлкөнүн руханий лидери Аятолла Али Хаменеи бүгүн шайлоого эл көп келет деп ишене турганын айтып, добуш берүүнү “Батышка жасала турган дагы бир шапалак” деп атады. Мамлекеттик маалымат каражаттары шайлоого сөзсүз катышыш керектигин, анткени бул “диний милдет” экенин да айтып жатышат.

Аналитиктер бүгүнкү шайлоодо Жогорку жетекчилик менен байланыштагы талапкерлер утат го деп болжошууда. Хаменеинин тарапкерлери президент Махмуд Ахмединежадды “жумурияттын экономикасын көтөрө албады” деп айыптап жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG