Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Орусия алдыдагы шайлоого байланыштуу АКШны айыптады


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Российская газета” басылмасына курган маегинде “АКШ орус оппозициясын каржылап, президенттик шайлоого таасир этүүгө аракет кылып жатат” деп айыптады. Лавровдун айтымында, АКШда башка өлкөнүн шайлоо кампаниясына каржылык көмөк көрсөтүү мыйзамга каршы келет, алар мыйзамын аткарбаса, анда Орусия да бейөкмөт уюмдарга мыйзамдан тыш чараларды көрүп коюшу мүмкүн экендигин айтты. Бирок АКШ Орусиядагы шайлоого түздөн-түз кийлигишип жатат деген айыптоону четке кагууда. Орусияда президенттик шайлоо туура эки күндөн кийин, 4-мартта өтөт.

XS
SM
MD
LG