Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

2 адамды коюп кеткен депутаттын шоопуру үй камагында


Депутат Ирина Карамушкинанын мас абалында эки адамды сүзүп кеткен айдоочусу Алексей Хурсаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирип, тергөө бүткөндөн кийин сот башталарын кабарлады.

Маалыматка ылайык, депутаттар Ирина Карамушкина, Галина Скрипкина жана Алла Измалкова айдоочуну үй камагына чыгаруу өтүнүчүн сотко билдиришкен. Мындан тышкары Хурсаевдин кесиптештери да мүнөздөмө жазып беришкен. Натыйжада Чүй райондук соту аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

27-февралда Алексей Хурсаев “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү KG номурлуу машинасы менен Бишкек-Торугарт жолунун 67-чакырымында эки адамды сүзүп кеткен. Натыйжада 70 жаштагы Кочкор районунун тургуну Асангазы Кутманалиев жан берип, 38 жаштагы Сокулуктун тургуну Алмаз Матиев ооруканага жаткырылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG