Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Казакстанда 47 адам террорчу деп айыпталууда


Атырау облустук прокурорунун жардамчысы Ляззат Нурмагамбетованын билдиргени боюнча, террорчулука тиешеси бар деп шектелгендерге эки кылмыш иши козголуп, сотко жөнөтүлдү. Алардын ичинен беш адамга өткөн жылдын октябрь айындагы акимиаттагы жардыруу үчүн кылмыш иши ачылды. Калган 42 адам Казакстандын бир топ аймагында терракт уюштурууга даярданып жатышат деген шек менен былтыркы жылдын күзүндө кармалышкан. Азыр 42сине тең кылмыш иши ачылып, соттук териштирүүгө жиберилди.

XS
SM
MD
LG