Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Британия Ооганстандагы күчтөрүн Кыргызстан аркылуу чыгарууну көздөйт


Британиянын Куралдуу күчтөр боюнча мамлекеттик министри Ника Харви баштаган делегация Бишкекке иш сапары менен келип кетти. Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин “Азаттыкка” тастыкташынча, британ тарап Ооганстандагы аскерий күчтөрү менен жабдууларын Кыргызстан аркылуу алып кетүү сунушун билдирди. Кыргыз тарап президент, премьер-министр, парламент чогулуп, бул маселе макулдашылгандан кийин жооп берерин билдирди.

Маалыматка ылайык, британ куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү ушул тапта Тажикстан менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Ооганстандагы НАТО күчтөрү 2014-жылдын аягына чейин чыгарылат деп мерчемделген. (KKs)

XS
SM
MD
LG