Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Губадан (Азербейжан) бронетехника чыгарылды


Азербайжандын Губа шаарында кечээ жаалданган бир нече миң демонстрантты коопсуздук күчтөрү көздөн жаш чыгарчу газ жана желим октор менен таркаткан. Шаарда азыр абал тынчып, күч органдары бронетехниканы чыгарып кетишкенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Бийликтер кечээги тополоңдо төрт адам жаракат алганын, алардын үчөө полициячы, бири журналист экенин кабарлашты.

Райондун акими Рауф Хабибовдун кызматтан кетишин талап кылган демонстранттар өкмөттүк мекемелердин айнек-терезелерин сындырып, акимдин үйүн өрттөп жиберишти. Алардын талабы аткарылганы тууралуу кабар айтылууда.

Азыр бийликтер шаарда көзөмөлдү колго алышканын билдирип жатышат. 22 адам кармалып, кийинчерээк бошотулду. Губадагы нааразылык аким Хабибов шаардын тургундарын “саткындар” деп атаган видео интернетте жарыяланып кеткенден кийин башталган.

XS
SM
MD
LG