Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Шаардык билим берүү башкармалыгынын төрайымы кызматтан алынды


Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын төрайымы Айнагүл Ниязова кызматтын алынды. Мындай чечим 2-мартта Бишкек шаардык мэриясынын коллегиясында кабыл алынды. Мэриянын маалымат кызматы тараткан маалыматка караганда, "билим берүү башкармалыгынын төрайымы ишинде бир катар кемчиликтерди кетирип, ата-энелер менен тыгыз иш алып барган эмес".

Буга чейин коомчулукта Бишкектеги мектептердеги мыйзамсыз акча чогултууга байланышкан маселе бир нече ирет көтөрүлгөн. Акыркы жолу Башкы прокуратура 8 мектеп директоруна кылмыш иши ачылганын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG