Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

Ош облусунун аймагында зилзала катталды

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун
маалыматы боюнча, 2-март күнү саат 17:05те күчү 5,3 балл болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, зилзаланын очогу Ош шаарынан 150 чакырым түштүк-чыгышты карай Кыргызcтан менен Кытайдын чек арасынын аймагында жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Алайдын Нура жана Эркештам айылдарында 5 балл, Сары-Таш, Көк-Суу 4 балл, Сопу-Коргон жана Терек айылдарында 3,5 баллга жеткен. Алдын-ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок. (BkA)
XS
SM
MD
LG