Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:43

Тууну өзгөртүүгө каршы акция өттү


Акцияны Ала-Тоо аянтында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров өткөрдү. Ал акыркы учурда тууну өзгөртүүнү каалаган демилгелер туура эмес экенин белгилеп, бийлик башчыларынан бул демилгени колдобоого чакырды.

- Тууну өзгөртүүнү каалаган айрым депутаттардын демилгесин популисттик кадам катары кароого болот. Азыркы туунун алдында Кыргызстан тарыхый бир топ окуяларды башынан өткөрдү. Тууну өзгөртүү деген тарыхты унутуу менен барабар.

Өткөн жылдын апрель Жогорку Кеңеште айрым депутаттар тарабынан тууну өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Алар жаңы туу үчүн атайын сынак жарыялаган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG