Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

АКШ: торнадодон набыт болгондордун саны өсүүдө


Өлкөнүн борбордук штаттары табигый кырсыктан бир топ жабыркады. Жума күнү Индиана штатында 13 киши өлгөнү маалым болду.

Associated Press агенттигинин маалыматында катуу шамалдан ар кайсы штаттарда кеминде 24 киши набыт болду. Небраска, Канзас, Миссури, Иллинойс жана Кентукки штаттары жайгашкан аймактар катуу кырсыктаганын Улуттук метеорология борбору кабарлады. Жалпысынан 300дөй имарат кыйрады. АКШда былтыркы торнадолор 550гө жакын кишинин өмүрүн алып кеткен.

XS
SM
MD
LG