Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

Иран: шайлоодо Аятолла Хаменеинин тарапкерлери алдыда


Ирандагы парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары президент Ахмадинежаддын консервативдүү оппоненттери алдыда баратканын көрсөтүүдө.
Руханий лидер Аятолла Али Хаменеинин тарапкерлери өлкөнүн бир катар райондорунда жеңишке жеткени белгилүү болду. Ахмадинежаддын кичи мекени Гармсар шаарында президенттин карындашы Парвин Ахмадинежад шайлоодо жеңилип калды.

Бийлик оппозиция өкүлдөрүн шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк бербегендиктен, алар добуш берүүгө келген жок. Добуш бергендердин саны өтө арбын болгондуктан, добушканаларды жабуу мөөнөтү бир нече жолу узартылды.

2-мартта Иран парламентине шайлоо өттү. Өлкөнүн бир палаталуу парламенти - Мажилистеги 290 орун үчүн 3 жарым миңдей талапкер ат салышты.

XS
SM
MD
LG