Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:50

Кызыл чырым уюмунун адистери Сириянын Хомс шаарына киришти


Сирия бийликтери Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрүнө президент Асаддын режимине каршы чыккандар менен өкмөттүк күчтөрдүн кармашы жүрүп жаткан Хомс шаарынын Баба-Амр районуна кирүүгө уруксат берди. Уюмдун адистери жергиликтүү ооркуканада болуп, эң керектүү нерселер тууралуу кабардар болушту. Бирок эмдигиче сириялык бийликтер уруш жүргөн аймактарга гуманитардык көмөк киргизүүгө уруксат бере элек.

Буга чейин Улуттар Уюмунун баш катчысы Бан Ги Мун Хомста оппозиция өкүлдөрүн өлтүрүү, камакка алуу жана кыйноо күчөп жатканына өз кабатырлануусун билдирген. Башкы Ассамблеянын жыйынында баш катчы президент Асад өз жарандарын коргой алган жок деп баалады.

- Сириялык бийликтердин зордук-зомбулук менен коштолгон аракеттери өлүмгө такаган жол экенин эл аралык коомчулук бир добуштан ачык жана айкын айтууга мезгил жетти. Гуманитардык жардамды создуктуруп туруу – көп адамдардын өмүрүнө залакасын тийгизүүдө. Жер-жерлерде уланган зордук-зомбулук өлкөнү жарандык согуш менен түрдүү ажырымдарга түртүп, бул кийинки муундарга өтүшү мүмкүн.

БУУнун Сириядагы өкүлү Башар Жаафари эл аралык коомчулуктун мындай билдирүүлөрүн Сирия бийлигине болгон «саясий мүнөздөгү» басым катары баалап, сириялык оппозиция түрдүү теоррордук топтордон тураарын айткан.

Сириялык активисттер бүгүн Түркияга жакын Идлиб провинциясында өкмөттүк күчтөр менен оппозиция кагылышканын билдирди.

XS
SM
MD
LG