Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Орусия: добуш берүүнү көрсөткөн видео байланыш ишке кирди


Москвада “Шайлоо 2012” эл аралык маалымат борборунда шайлоо бекеттериндеги добуш берүүнү көрсөткөн видео байланыш ишке кирди.

“Узундугу 12 метр, бийиктиги 3 метр болгон экранда өлкө боюнча 72 добушкана жайгашкан. Алардын арасынан каалаган камераны экранга чоңотуп алса болот”, - деп түшүндүрдү байланыш жана коммуникация министри Игорь Щеголев.

Президенттик шайлоодо добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салууга 685 эл аралык байкоочу каттоодон өткөн. Ошондой эле талапкерлердин шайлоо штабынан жана жарандык активисттер шайлоого байкоо салышат.

Орусияда президенттикке 5 талапкер Владимир Жириновский, Геннадий Зюганов, Владимир Путин, Сергей Миронов жана Михаил Прохоров катышууда.

XS
SM
MD
LG