Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Шайлоодо ресурс пайдаланууга жол берилбейт


Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо административдик ресурстарды пайдаланууга жол берилбей турганы тууралуу "Азаттыкка" аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Саадат Маматалиева билдирди. Анын айтымында, добуштарды бурмалоо, кайсы бир партияга жан тартуу болбойт. "Эгер андай учурлар катталса, ага жол берген киши мыйзамдын негизинде жоопко тартылат",- дейт Маматалиева.

Бүгүн Ош шаардык кеңешине шайлоо өтүп жатат. Анда жети партия ат салышууда. Алар: КЭДП, «Замандаш», «Республика», «Улуттар биримдиги», КСДП, «Адилеттүү Кыргызстан» жана «Ата Мекен» партиялары. Ошто 123 миң 405 шайлоочу бар. (SE)

XS
SM
MD
LG