Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Орусия президентин тандоодо


Ушул саатка карай Орусиянын бардык аймактарында добушканалар ачылды. Добуш берүүгө эң акыркы болуп Калининград облусу кошулду. Өлкөнүн ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул күнү коомдук тартипке 440 миң полиция кызматкери, кошуунчулар жана жеке күзөтчүлөр көз салууда.

Орусиядан тыштагы орус жарандары үчүн да бир катар өлкөлөрдө добуш берүүчү жайлар уюштурулган. Анын ичинде бүгүн Кыргызстандагы орус жарандары да добуш берүүгө катышууда.

Орусия президенттиги үчүн 5 талапкер: Владимир Жириновский, Геннадий Зюганов, Сергей Миронов, Михаил Прохоров жана Владимир Путин ат салышууда.(SM)

XS
SM
MD
LG